Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын XII сессиясы
2022-жылдын 25- майы № 75
Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган имаратты мыйзамдын негизинде багытын өзгөртүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган курулуштун багытын мамлекеттик каттоодо магазин болуп катталып калгандыгына байланыштуу инисине үй турак -жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндө арызын карап ,Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын тургуну Мурзакулов Арстан салган курулуштун багыты мамлекеттик каттоодо магазин болуп катталып калгандыгына байланыштуу бир тууган инисине үй турак- жай багытына өзгөртүү үчүн мыйзам чегинде чечип берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо - кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Б.Калмурзаева |