Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 27- июну № 5/1
“Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багынын төрттөн бир бөлүгүн реконструкциялоо жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 24-июнундагы №01-20/321 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багынын төрттөн бир бөлүгүн реконструкциялоо, көрктөндүрүү максатында 1га 20 сотых аянтындагы жапайы бак-дарактарды тазалап алып салууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы менен биргеликте иштерди алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |