Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз V сессиясы
2022-жылдын 27- июну № 5/2
“Акча каражатын каржылоо жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2022-жылдын 24-июнундагы №01-20/320 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар мэриясына ажаткана курууда үнөм 539167 сом, Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багындагы скважинаны калыбына келтирүүдө үнөм 300833сом акча каражаты төмөндөгү иштерди аткарууга каржылоо үчүн уруксат берилсин:
- К.Рахимов мектебинин башталгыч класс окуучуларынын ысык тамагын уюштуруу үчүн тамактануучу жайын оңдоп-түзөө, септик курууга 600,0 миң сом;
- демөөрчүлөр тарабынан жасалып жаткан гирлянддарды орнотууга 12 даана темир-бетон столба коюуга 240,0 миң сом
2. Шаар мэриясынын турак жай, коммуналдык-чарба бөлүгүнөн 140,0 миң сом акча каражаты Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багынын төрттөн бир бөлүгүн реконструкциялоо иштерин техникалык көзөмөлдөө үчүн каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышы шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
А.О.Назаров |