Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7– чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын Уставын кайрадан катоодон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын Уставын кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндөгү билдирүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын Уставына кайрадан толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизип ,кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом боюнча иш алып баруу жагы “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Авазовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депуттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |