Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7– чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-5
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү 01.01.2019-жылынан 31.12.2020-жыл аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата аралыгындагы жүргүзүлгөн жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, “Айылкурулуш” муниципиалдык ишканасына жүргүзүлгөн аудиттин корутундусун кароо жөнүндөгү маселени жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки аралыгынын жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктерин жоюу боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
2. Резервдик фондунан каражаттарынын пайдалануу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2. Атайын эсептөө казыналык тутумунан кыйнап өтүү менен пайдаланган 80,0 мин сом Республикалык бюджетке кайтарылсын.
3. Чыгымдардын сметадан ашыкча каржылоого жол берилбесин.
5. МЖФ ижарага берилген жерлердин эски карыздары боюнча жыйым өндүрүү боюнча иштер аткарылсын.
6. Капиталдык курулуш жана кезектеги ондоо иштерине бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышы жана туура өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүдө аныкталган 1410,5 мин сомдук кошуп жазуулар тийиштүү подрядчылардан өндүрүлүп бюджетке кайтарылсын.
7. Кетирилген кемчилдиктери үчүн “Айылкурулуш” муниципиалдык ишканасынын эсепчисин жумуштан алуу жагы сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык сатып алуулар жүргүзүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |