Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-7
Т.Кулатов айыл аймагындагы жеке ишкер Ак – Чал айылынын тургуну А.Эшимбаевге күнөскана жана кайра иштетүү ишкана куруу үчүн “Боз” бөлүмүнөн 0,40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы жеке ишкер Ак – Чал айылынын тургуну А.Эшимбаевге күнөскана жана кайра иштетүү ишкана куруу үчүн “Боз” бөлүмүнөн 0,40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 беренелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы жеке ишкер Ак – Чал айылынын тургуну А.Эшимбаевге күнөскана жана кайра иштетүү ишкана куруу үчүн “Боз” бөлүмүнөн 0,40 га жер аянтын ажыратып берип,”Айыл –чарба багытындагы жерлер ” категориясынан “Өнөр жайдын , транспорттун, байланыштын жана башка жерлер”категориясына которуп (трансфармациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов айыл аймагындагы жеке ишкер Ак – Чал айылынын тургуну А.Эшимбаевге күнөскана жана кайра иштетүү ишкана куруу үчүн “Боз” бөлүмүнөн 0,40 га жер аянтын ажыратып берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |