Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-12
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл- Булак айылындагы спорт комплекстин курулушун улантууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл- Булак айылындагы спорт комплекстин курулушун улантуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 18-беренсинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл- Булак айылындагы спорт комплекстин курулушун улантуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5 000 000 (беш миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновко жана ФЭБ башчысы Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |