Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-15
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында кошумча кызмат уюштурулгандыгына байланыштуу спортко катышкан балдарга субсидия берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясынын № 9-15 токтому менен бекитилген . Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында кошумча кызмат уюштурулгандыгына байланыштуу спортко катышкан балдарга субсидия берүү жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 22-беренесинин негизинде Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган 18 жашка толбогон 73 балага спорттук ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинен 73 балага 350 сомдон 253 260(эки жүз элүү үч миң эки жүз алтымыш) сом акча каражаты каралсын.
2. Субсидия алууга талапкер балдардын саны 73 баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Аткарылган кызматы ай сайын кабыл алуу жагы атайын түзүлгөн коомдук мониторинг тобуна милдеттендирилсин. Бөлүнгөн 253 260 (эки жүз элүү үч миң эки жүз алтымыш) сом акча каражатын айына тийиштүү аткарылган кызматка жараша субсидия төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |