Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы
2022-жылдын 17- марты № 9-16
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа - Арык”суу пайдалануучулар ассоциациясына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын калдык бюджетинен 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң)сом акча каражатына эксковатор сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа - Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16- майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа - Арык”суу пайдалануучуларга ассоциациясына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын калдык бюджетинен 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң)сом акча каражатына эксковатор сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң)сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |