Редакцияот 17.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын кезектеги 9 – сессиясы

2022-жылдын 17- марты № 9-22

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жал аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн кезектеги ремонтуна акча каражат бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жал аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн кезектеги ремонту жөнүндөгү билдирүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап ,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Жал аймактык ооруканасынын төрөт үйүнүн кезектеги ремонту үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 065 616 (бир миллион алтымыш беш миң алты жүз он алты ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысы Жанибек уулу Анарбекке милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев