Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы
2021-жылдын 23- ноябры № 14
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын IV-кварталына карата кышка даярдык көрүү иштерин жүргүзүүдө, Дөң-Булак айыл аймагындагы Т.Сарыков жана Бакмал орто мектептеринин жылуулук системаларын ремонттон өткөрүү, мектептерге генератор сатып алуу, Социалдык колдоого муктаж жарандарды жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, бала-бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинен тамак аш сатып алуу үчүн акча каражатын жылдыруу жана айылдык кеңеш бөлүмүнө акча каражатын жылдыруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл аймагына карашту Т. Сарыков жана Бакмал орто мектептеринин жылытуу системаларын ремонттон өткөрүү максатында ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 2221 статьясына 800,0 (сегиз жүз миң) сом. Мектептер менен Бакчаларга электр энергиясы үзгүлтүккө учураган маалда электр тогу менен камсыздап туруу үчүн генераторлорду сатып алууга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 3112 статьясына 500,0 (беш жүз миң) сом. Социалдык колдоого муктаж жарандарды жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан соц коргоо бөлүмүнүн 2721 статьясына 152,5 (Бир жүз элүү эки миң беш жүз) сом. Бала-Бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинин 3112, 2215, 2221 статьяларынан 314,3 (үч жүз он төрт миң үч жүз) сом атайын каражаттар эсебинин 2218 статьясына жана Башкаруу аппаратынын 2111 статьясынан Айылдык кеңеш бөлүмүнүн 2111 статьясына 30,0 (отуз миң) сом жана Башкаруу аппаратынын 2121 статьясынан Айылдык кеңеш бөлүмүнүн 2121 статьясына 5,5 (беш миң беш жүз) сом акча каражаттары жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А Сагынбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Жусупов |