Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы
2021-жылдын 23- ноябры № 15
Чымбай айылындагы “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2021-жылга сметалык тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 12.11.2021-жылдагы жалпы элдик жыйынын негизинде Дөң-Булак айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап токтом кыламын:
1. Чымбай айылындагы “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелердин киреше жана чыгашалары бекитилсин.
2. “Чымбай Мөлтүр-Суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) калкты ичүүчү суу камсыздоодо 1м3/суунун баасы 25сом 35 тыйын бекитилсин.
3. Чымбай айылынын жашоочуларына: Ар бир кожолука 100(жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Уруксатсыз суу түтүгүн киргизгенге, суу системаларын бузгандарга, чарбасын сугаргандарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан айып пул салынат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Жусупов |