Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы
2021-жылдын 23- ноябры № 20
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 44-беренесине жана 78-беренелерине ылайык, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын Абдыраманов жана Мектеп-2 көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1738,1 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө.Жусупов |