Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз VI- сессиясы
2021-жылдын 23- ноябры № 21
Дөң-Булак айыл аймагындагы Бахмал айылындагы соода-сатык дүкөнүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-статьясынын негизинде имараттын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап токтом кыламын:
1. Айыл өкмөтүнүн Бахмал айылындагы көп жылдан бери пайдаланылбай турган соода-сатык дүкөнүнүн 800 кв.м жер аянты элдин ден-соолугун чыңдоочу жайына багыты өзгөртүлсүн.
2. Керектүү иш-кагаздарына өзгөртүү киргизип даярдап берүү жагы Мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө.Жусупов |