Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 18- апрели № 13-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык ишканасынанын балансындагы экскаваторду сатууга макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык шканасына оперативдүү башкарууга берилген 2000-жылы чыгарылган Самсунг SE130 W-2 маркасындагы экскаваторунун эскилиги жетип пайдаланууда кыйынчылыктар болуп, жараксыз болгон, тетиктерин табууда көйгөйлөр жаралып жаткандыгына байланыштуу «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору А.Ч.Акматовдун баяндамасын угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көк-Жар-Тазалык»муниципалдык шканасына оперативдүү башкарууга берилген 2000-жылы чыгарылган Самсунг SE 130 W-2 маркасындагы экскаваторунун эскилиги жетип, пайдаланууда кыйынчылыктар жаралып, жараксыз болгон тетиктерин табууда көйгөйлөр жаралып жаткандыгына байланыштуу сатууга макулдук берилсин.
2. Экскаватордун юридикалык иш-кагаздарынын уюштуруу иштери Көк-Жар айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Экскаваторду сатуу иштерин уюштуруу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов. |