Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 18- апрели № 13-2
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Токтосунов Акбардын арызын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Токтосунов Акбардын уулу Абдиназар, кандын пароксизмальная ночная гемоглобинурия оруусуна чалдыгып калгандыгына байланыштуу, дарыланууга, материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Токтосунов Акбардын уулу Абдиназар, кандын (пароксизмальная ночная гемоглобинурия) оруусуна чалдыгып калгандыгына байланыштуу, дарыланууга, материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык 70111 бөлүмүнүн 2824-беренесине негиз 10 000 (он миң) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө, статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов. |