Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 18- апрели № 13-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Каранай айылынын тургуну Ачилов Орозалиге материалдык жардам берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Каранай айылынын тургуну Ачилов Орозалинин көзү жакшы көрбөй калгандыктан көзүнө операция жасатуу үчүн, акча каражаты жетишпегендиктен, жазган арызын карап, талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каранай айылынын тургуну Ачилов Орозалинин көзү жакшы көрбөй калгандыктан көзүнө операция жасатуу үчүн, акча каражаты жетишпегендиктен, жазган арызын карап, талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык 70111 бөлүмүнүн 2824-беренесине негиз 10 000 (он миң) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө, статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов. |