Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 18- апрели № 13-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылындагы “Алашан келечеги”балдар бакчасынын электро-шитин сыртка которуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылындагы “Алашан келечеги”балдар бакчасынын электрошитин, ашканадан сыртка которууга, бакчанын электриги Нурмамат уулу Алмаздын арызын карап, талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылындагы “Алашан келечеги”балдар бакчасынын электрошитин, ашканадан сыртка которууга, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (702) 2215-беренесинен 7 300 (жети миң үч жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө беренелерине коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаеге жана ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов. |