Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2022-жылдын 18- апрели № 13-7
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2022-жылдын 14январындагы №01-34/16 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2022-жылдын 14январындагы №01-34/16 сандуу катына негиз Кыргыз Республикасынын «Жеке турак-жай курулуш жөнүндөгү» мыйзамынын 5-6-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-июнундагы №452-токтомуна негиз. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 27-га жер аянтына, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 2-декабрындагы №550-токтомуна негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 55,62га суулуу жана 2,3га багына, Ноокат архитектура жана курулуш бөлүмүнүн 2007-жылдын 18-апрелиндеги корутундусуна негиз, 49,43 га жер аянттарына инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен, курулуш курууга пландоочу иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каржатын которууга макулдук берилсин.
2. Мындан ары Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна ылайык иш алып баруу жагы. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов. |