ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин (7-чакырылыш) кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 24- ноябры № 20
Таза суу кампааларына,таштанды таштоочу жайларга жана кичи ГЭСтерди курууга айыл чарба багытындагы жер аянттарын (трансформациялоо) которуу жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 6-сессиясы Зергер айыл аймагындагы таза суу долбооруна кирген айылдарга суу кампаларын курууга,таштанды таштоочу жайларды,кичи ГЭСтерди курууга айыл чарба багытындагы жер аянттарын (трансформациялоо) которуу жөнүндө маселени угуп, талкуулап чыгып токтом кылыат:
1. Токтогул айылынын чөп ормо аянтынын №2743 контурунан 0,50 га чөп ормо аянты таза суу кампасын курууга,жайыт аянтынын №2740 контурунан 0,50 га жайыт аянты таштанды таштоочу жай курууга, Жаны-Айыл айылынын №2602 жайыт контурунан 0,50 га жайыт аянты таштанды таштоочу жай курууга,Кайрат айылынын №1927 контурундагы жайыт аянтынан 0,50 га жер аянты отун базасын курууга,Зергер айылынын Шамурат участкасынын таштак жайыт аянтынын №1768 контурунан 0,50 га жер аянты кичи ГЭС курууга,Зергер айылынын Эки-Чат участкасынын жайыт аянтынын №523 контурунан 1,0 га жер аянты кичи ГЭС курууга айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнор жайлар,муниципалдык жерлер категориясына которулсун.
2. Айыл өкмөтүнө которуу (трансформациялоо) иштерине тийиштүү документтерин даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |