Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 25
Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай, Кутурган айылдык фельдшердик акушердик пунктарын (ФАП) “CASA 1000 ARIS” долбоору тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай,Кутурган айылдык фельдшердик акушердик пунктарын (ФАП) CASA 1000 ARIS” добоору тарабынан капиталдык ремонтко болгон элдин муктаждыгын эске алып, аймактык КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Н.Тавакаловдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сессиясы токтом кылат.
1. Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай,Кутурган айылдык фельдшердик акушердик пунктарынын (ФАП) имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө “CASA 1000 ARIS” долбоору тарабынан 43200 АКШ доллар өлчөмүндө камсыздалсын.
2. “CASA 1000 ARIS” тарабынан аткарылуучу жумуштар Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-2025- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилсин.
3. Ничке-Сай айылдык фельдшердик акушердик пунктуна тиешелүү докменттерин даярдоого 38,0 (отуз сегиз мин) сом, Кутурган айылдык фельдшердик акушердик пунктуна 35,0 (отуз беш мин) сом,жалпы 73,0 (жетимиш үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Айыл өкмөтүнө “CASA 1000 ARIS” тарабынан аткарыла турган долбоорлорду архитектура,өзгөчө кырдаалдар башкармалыктары менен макулдашуу жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Келдибаев |