ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7 сессиясы
2022-жылдын 21- январы № 27
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жөнүндө жобого ылайык сунушталган комиссиянын курамын карап талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Мурзаибраимов Н.- айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасы;
Каракозуев М.- жер турак жай маселелери боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы;
мүчөлөрү:
Кайиев С.- айылдык кеңештин депутаты;
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
Айтбаев М.-ардагерлер кеңешинин төрагасы;
Терекбаева С.- айылдык кеңештин депутаты;
Жаманкулов Ш.-башкы салыкчы;
Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
Тиешелүү айылдын айыл башчысы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Келдибаев |