ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 25- февралы № 32
Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2021-жылы аткарылышы,2022-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинии жетекчилике алып «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги сегизинчи сессиясы токтом кылат:
1. Зергер жайыт комитетини 2021-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 656020 сомго, чыгашасы 656020 сомго бекитилсин. (тиркеме №1, №2, №3)
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 80 сом.
- Кара мал жана топоз(жаш)бир башына - 70 сом.
- Кой-эчкинин бир башына- 16 сом.
- Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 80 сом.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 300 сом.
- Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 250 сом.
- Кой жана эчки бир башына - 50 сом.
- Жылкы,эшек жана төө бир башына- 300 сом .
4. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5. Жайыт комитетинин пайдалануусуна берилген погрузчик оор техникасынын келишимде көрсөтүлгөн аренда акысы мыйзам талаптарында белгиленген тартипте банк эсеби аркылуу жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Келдибаев |
Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети
Жайыт комитетинин киреше булагы № 1 тиркеме
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Которуу коэф | Шартуу баш | Бир шартуу баштын төлөмү | Малдын башына төлөмү | Жалпы сумма мал башына | Жалпы сумма |
1 | Кара мал чон | 2506 | 1 | 2506 | 80 | 80 | 200500 | 200480 |
2 | Кара мал кичине | 920 | 07 | 644 | 70 | 70 | 64400 | 64400 |
3 | Жылкы
| 1185 | 1 | 1185 | 80 | 80 | 94800 | 94800 |
4 | Кой-эчки
| 12271 | 02 | 2454,2 | 16 | 16 | 196340 | 196340 |
5 | Сырткы мал |
|
|
|
|
|
| 100000 |
| жалпы:
|
|
|
|
|
| 656020 | 656020 |
Жайыт комитетинин чыгымдары № 2 тиркеме
№ | Чыгымдын түрлөрү | Адам саны | Айы | Суммасы |
1 | Эмгек акы (8000+7000=15000)
| 2 | 24 | 180000 |
2 | Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25% |
|
| 31050 |
3 | Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары |
|
| 44970 |
4 | Автомашинанын ремонтоо үчүн |
|
| 10000 |
5 | Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн. |
|
| 224000 |
6 | Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм |
|
| 6000 |
7 | Жайыт комитетинин резервдик фонду |
|
| 20000 |
8 | Жергиликтүү бюджетке чегерүү |
|
| 140000 |
| жалпы : |
|
| 656020 |
Жайыт комитетинин сметасы № 3 тиркеме
№ | Чыгымдардын аталышы | Жалпы 2022-ж | Квартал | |||
1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 | Эмгек акы
| 180000 | 45000 | 45000 | 45000 | 45000 |
2 | Соц.фонд төлөмдорү | 31050 |
| 8000 | 11000 | 12050 |
3 | Башка чыгымдар: ГСМ,сапар ж.б | 38000 | 5000 | 11000 | 11000 | 11000 |
4 | Телефон жана конц.чыгымдар | 6970 | 1700 | 1800 | 1800 | 1670 |
5 | Машинаны ремонттоого | 10000 |
|
|
| 10000 |
6 | Жайыт инфраст. ондоо үчүн | 224000 |
| 150000 | 740000 |
|
7 | Райондук жайыт ассосациясы үчүн | 6000 |
|
| 6000 | |
8 | Жайыт комитетинин резервдик фонду | 20000 |
|
| 20000 | |
9 | Жергиликтүү бюджетке чегерүү | 140000 |
|
|
| 140000 |
| жалпы:
| 656020 | 51700 | 215800 | 148800 | 239720 |
Зергер жайыт комитетинин төрагасы | К. Маматалиев |