Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы

2022-жылдын 25- февралы № 34

Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин аренда акысын аныктоо жана таштанды чыгаруу салыгын бекитүү жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн киреше салык маселелери боюнча башкы адиси Ш.Жаманкуловдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы токтом кылат:

1. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ нын эсебиндеги 1,0 га жер аянттарынын баштапкы аренда баасы ( жер салыгы жана соцфонд төлөмү ичинде) төмөнкү өлчөмдө бекитилсин: -Шалы -10 000 сом;

- Сугат айдоо -2177 сом;

- Кайрак айдоо жер -1200 сом;

- Чөп ормо -1000 сом.

2. Зергер айыл өкмотүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:

- Таштанды чыгаруудан алынуучу салык-25 сомго

- КР салык кодексинин 403 беренсине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы үчүн зооналдык коефиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3. КР салык кодексинин №410-411- беренелеринин негизинде:

- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары,Афган жана башка өлкөлөрдогү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияга катышкандар, бала чагынан майыптар, 1-2 –топтогу майыптар;

- Кызматтык милдетин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү,анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;

- Пенсиялык куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жараны,эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адамдар үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогунун салыгынан салык кодексинин негизинде бошотулсун.

4. Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон тазалоо маалында отундун, шакчанын бир кубасына төлөнүүчү тарифи: деловой отундун бир кубасы 1000 сом, шакчанын бир кубасы -500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Токтомдо белгиленген салык төлөмдөрүнөн бошотулган тургундардын толук тизмегин тактап чыгып,бекитүү айыл өкмөтүно тапшырылсын.

6. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Келдибаев