Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги сегизинчи сессиясы

2022-жылдын 25- февралы № 35

Жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү,көчүрүп келүү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү,көчүрүп келүү жана дыйкандардын эгинин мал жандыктардан коргоо жөнүндө сунушун угуп талкуулап чыгып токтом кылат:

 

1. Жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү мөөнөтү 2022-жылдын 15-апрелине,көчүрүп келүү мөөнөтү 15-сентябрга белгиленсин.

2. Белгиленген мөөнөттө көчүрүлбөгөн же көчүрүлүп келген мал жандыктардын ээлерине жазана салуу айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына”жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына” баардык методикалык,юридикалык укуктук иш кагаздары менен жана алардын толук кандуу иштешине материалдык,техникалык жактан камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Келдибаев