Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 24- майы № 9/1
“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2022-жылдын 1-мартындагы чечимин бекитүү жөнүндө
Өлкөбүздүн экономикалык,интелектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук- маданий, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2022-жылдын 1-мартындагы №1 чечими бекитилсин.
2. .“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2022-жылдын 1-мартындагы №1 чечимине ылайык, төмөндөгү жаранга 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын жана “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси, ошондой эле Чалма айылдык кеңешинин ардак громатасы менен сыйлансын.
1. Абытов Байболот Капарович
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Эрмекбаев Маматисага милдеттендирилсин.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадыркулов |