Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги тогузунчу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 6- июну № 9/2
Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекс” мыйзамынын негизинде Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине 704 Жайыт комитетинин бөлүмүнун 2215 статьясынын 2 кварталына 173 200 миң сом, жалпысынан айтканда 173 200 (бир жуз жетимиш үч миң эки жүз) миң сом акча каражаты отургузулуп берилсин:
Жайыт комитетинин бөлүмүнүн 2215 статьясына - 173 200 миң сом.
Жалпы: 173 200 (бир жүз жетимиш үч миң эки жүз) миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадыркулов |