Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги тогузунчу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 6- июну № 9/5
Чалма айыл өкмөтүнүн Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов (убактылуу колдонуудагы) мектебин ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов (убактылуу колдонуудагы) мектебин ремонттоо (актап, сырлоо) үчүн Ж.Абидинов мектебинин директору Г.Казакбаеванын 30.05.2022-ж. №6 Билдирүү катын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов (убактылуу колдонуудагы) мектебин ремонттоо (актап, сырлоо) үчүн Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинен - 20 426 (жыйырма миң төрт жүз жыйырма алты) сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Беш-Кемпир айылындагы Ж.Абидинов (убактылуу колдонуудагы) мектебин ремонттоо (актап, сырлоо) үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагын контролдоо Чалма айыл өкмөт башчысы Б.Айсаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадыркулов |