Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги тогузунчу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 6- июну № 9/6
Чалма айыл өкмөтүнүн Жайыт муниципалдык менчигинде турган YA18005524 маркасындагы Франтальный погрузчик калкка кызмат өтөө боюнча төлөмдөрүн, жобону жана айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Жайыт муниципалдык менчигинде турган YA18005524 маркасындагы Франтальный погрузчик калкка кызмат өтөө боюнча төлөмдөрүн, жобону жана айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү Жайыт комитетинин төрагасы У.Жаамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Жайыт муниципалдык менчигинде турган YA18005524 маркасындагы маңдай жүктөгүч калкка кызмат өтөө боюнча төлөмдөрү - мото част саатына - 2000 сомдон, ал үчкө бөлүнөт; айдоочуга- 35%, Жайыт комитетинин эсебине- 30%, маңдай жуктөгүчкө -35%. Жогорудагы белгиленген төлөмдөр жана жобо бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Франтальный погрузчик калкка кызмат өтөө боюнча төлөмдөрүн, жобону бектитүү жана бир айдоочудан экинчи айдоочуга өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Жаамбаев Улукбек – жайыт комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы
2. Акаева Венера – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын катчысы
3. Эргешов Курманбек – Токбай-Талаа айылынын айыл башчысы
4. Алимкулов Жанболот - Орто-Талаа айылынын айыл башчысы
5. Абдикеримов Амидбек - Буйга айылынын айыл башчысы
6. Мырзакматов Тиленбай – Беш-Кемпир айылынын айыл башчысы
7. Советалы уулу Байыш – Бакуулу жамаатынын жамаат башчысы
8. Бекешов Кубаныч - Жалчыман жамаатынын жамаат башчысы
9. Айткулов Бейшенаалы – Коңурат жамаатынын жамаат башчысы
10. Аматов Бегали – Эшей-Орчун жамаатынын жамаат башчысы
11. Жумабаев Курманали – Эшуулу-Нокой жамаатынын жамаат башчысы
12. Ормокеев Жоомарт - Таздар жамаатынын жамаат башчысы
13. Кадыркулов Абдырасул – айылдык кеңештин депутаты
14. Эрмекбаев Маматиса - айылдык кеңештин депутаты
15. Теңизбаев Эрмек - айылдык кеңештин депутаты
16. Козуев Бакыт - айылдык кеңештин депутаты
17. Култаев Темирлан - айылдык кеңештин депутаты
18. Насирдин уулу Жакып - айылдык кеңештин депутаты
19. Жолдошов Сулайман - айылдык кеңештин депутаты
20. Култуева Чолпон - айылдык кеңештин депутаты
21. Мамасадык уулу Мухамедалы - айылдык кеңештин депутаты
22. Абазбек уулу Шайлообек - айылдык кеңештин депутаты
23. Жокоев Шахназар - айылдык кеңештин депутаты
3. Түзүлгөн комиссия жобону жетекчиликке алып иш алып барышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадыркулов |
| “Бекитемин” Чалма айылдык кеңешинин төрагасы _____________________А.Кадыркулов №________сессиянын токтому менен “_____”____________________2022-ж. |
Мандай жүктөгүч маркасы YA18005524. ФП-1,8 м куб калагы 3 тонна погрузчикти пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт падалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулук жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кенеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Мандай жүктөгүч маркасы YA18005524. ФП-1,8 м куб калагы 3 тонна погрузчикти эксплуатациялоо жана пайдалуу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берилүүсү өткөрүлгөн конкрустук жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоо пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим негиз болот.
Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башккаруу планында белгиленген иш-чаралар:
*Жайыт жолдорун ондоо;
*Отмок жолдорду жана көпүрөнү ондоо;
*Топурактын эрозияга учуроо коркунучу бар жерлердеги дамбалардын жээктерин бекемдөө;
*Тоют камдоо максатында ички чарбалык арыктарды, дренаждарды жана каналдарды тазалоо; Чистка оросительных систем.
*Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;
,Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткарылуучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт.Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кенеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине негиз төлөнөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат.
Механизатор, механизаторду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкрустун жыйынтыгына негиз тандалып алынат.(Тиркеме №1).
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2.Тараптардын милдеттери:
*Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдык сандык жана сапаттык курамын аныктайт;
*атайын техниканын иштөө графигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет;
*көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансылык документтерди берүүгө (чек/киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттарды финансылык эсебин алууга;
*айыл өкүмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинин каржыланган жумуштар боюнча финансылык отчетторду берүүгө;
*техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо;
*эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу;
*тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖОАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу;
*Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документтерди ЖОАБО, донорлорго керектүү документтерди берүү;
Даярдаган Чалма ЖКнын
Төрагасы Жаамбаев У.
______________________ (колу)
“____”___________2022-ж.
М.О.
| Тиркеме № 1 “Бекитемин” Чалма айылдык кеңешинин төрагасы _____________________А.Кадыркулов №________сессиянын токтому менен “_____”____________________2022-ж. |
Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо, механизаторду туура тандап алуу боюнча өткөрүлүүчү конкурстун жобосу болуп эсептелет (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
1.I.Жалпы жоболор
1.1. Комиссия курамын түзүү: комиссия курамы 5-7 сандагы кишилердин курамынан турат,комиссия ЖК жана АО өкүлдөрү милдеттүкиргизилиши керек.Комиссия АО буйругуна негиз түзүлөт.
1.2. Конкрус иштелип чыгылган критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек
1)Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу.
2) Атайын техника менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу .
3) Кеминде 3 адамдын сунуш каты.
4) Атайын техниканы кармоого гаражга ээ болуусу;
5) Атайын техниканы ремонттоо бонча жөндөмгө ээ болуусу;
6) Ден соолугунун чындыгы боюнча Ф 86У справкасы;
7) Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу,камсыздандыруу полисинин болуусу өзгөчөлүк катары бааланат.
1.3.
Критерии | Баллы | % |
Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу | 20 | 20 |
Атайын техника менен иштегендиги боюнча иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес 5 жылдан кем эмес Жана андан жогору | 40
25 35 40 | 40 |
Атайын техниканы кармоого гаражга ээ болуусу | 10 | 10 |
Ден соолугунун чындыгы боюнча Ф 86У справкасы | 20 | 20 |
Жеке ишкердикти жүргүзүүсү боюнча күбөлүгүнүн жана патентинин болуусу | 10 | 10 |
Баары | 100 | 100% |
Конкурстук комиссиянын төрагасы:_____________ _____________________