Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2022-жылдын 17 - майы № 14
Жылалды айыл өкмөтүндө салыктардын аткарылышы жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги башкы адис-салыкчы А.Бекботоевдин 2022-жылдын I кварталында салыктардын аткарылышы боюнча 11.05.2022-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бекботоевдин 2022-жылдын I кварталында салыктардын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |