Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2022-жылдын 17 - майы № 15
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө Калмурзаев Калбайдын атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө Калмурзаев Калбайдын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери Калмурзаев Калбайдын аты Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |