Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2022-жылдын 17 - майы № 16
Айыл аймагындагы айыл эли үчүн ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги айыл аймагындагы айыл эли үчүн ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен Прогресс айылынан Мамашев Пулатбек Абдуллаевичке жана Эгембердиев Ынакбек Каныбековичке ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана айыл элине ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен Прогресс айылынан Мамашев Пулатбек Абдуллаевичке жана Эгембердиев Ынакбек Каныбековичке ”Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |