Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2022-жылдын 17 - майы № 18
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын II, III, VI кварталындагы бюджетинин киреше бөлүгүнө мамлекеттик кайра бөлүштүрүү жеринин ижара акысынан 300,0 миң сомго, ата-энелер (родвзнос) төлөмүнөн 1217,2 миң сомго, киреше салыгынан 956,6 миң сомго, тамарка салыгынан 42,1 миң сомго, таштанды чыгаруу жыйымынан 21,1 миң сомго кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй кошумча чектөө берилсин.
Башкаруу аппараты статья-2215 +619,0 миң сом
ЖКХ статья-2215 +50,8 миң сом
Айыл чарба статья-2215 +650,0 миң сом
Бала бакча статья-2218 +1217,2 миң сом
2. Жогорудагы токтомдун аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |