Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясы
2022-жылдын 17 - майы № 20
Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Акназаров |