Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 18 - апрели № 07
Жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине, КР “Жер Кодексинин 22- статьясына жана КР “ Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сопуевдин 14.04.2022-ж № 01-31/36 катын карап чыгып, талкуулап Бостери айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Бостери айыл аймагынын Бактуу Долоноту айылындагы мечиттин түндүк тарабында жайгашкан, аянты 670 м2 жер тилкесин фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) куруу максатында муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан 670 м2 жер тилкесине тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.Усубалиев |