Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 26 - майы № 05
Мүлктү муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамынын 34-беренесине,КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин талаптарына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 14.04.2022-ж №01-31а/47 катынын негизинде Бостери айылдык кенеши Токтомкылат:
1. Бостери айылынын Алжанбай көчөсүндөгү № 87 үйдүнтүндүк тарабында жайгашкан аянты 315 м2 скважинанынжер тилкесин калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында Бостери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдукберилсин.
2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан скважинаны кабыл алуу боюнча тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Усубалиев |