Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 26 - майы № 04
Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына трансформаторлорду кайтарымсыз өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамынын 34-беренесине, КР Өкмөтүнүн 24.11.2017-ж №773 Токтомунун 4-пунктуна ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 30.04.2022-ж №01-31а/42 катынынын жана айылдык кенештин транспорт-курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын бүтүмүнүн негизинде айыл аймактын жашоочуларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бостери айылдык кенеши
Токтом кылат:
1. Бостери айыл аймагынын “Акшыбак” өрөөнүндө жайгашкан 2021-жылы эксплуатацияга берилген КТП № 802/250 кВа жана Шопоктун ою конушундагы КТП № 800/250 кВа трансформаторун Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бостери айыл аймагынын “Акшыбак” өрөөнүндө жайгашкан 2021-жылы эксплуатацияга берилген КТП № 802 4/250 кВа жана Шопоктун ою конушундагы КТП № 800/250 кВа трансформаторлорун Чолпон-Ата райондук электр тармактар ишканасынын балансына кайтарымсыз өткөрүп берүүдө тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Усубалиев |