Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 26 - майы № 01
Айыл чарба техникасын жана шаймандарын лизинг жолу менен насыяга алуу жөнүндө
Бостери айыл аймагындагы айыл чарба жана кѳрктѳндүрүү жашылдандыруу иштерин ѳз убагында аткаруу максатында лизинг жолу менен насыяга S300 “NOVA- 340” үлгүсүндөгү комбайнын, “Беларусь” МТЗ 12-21 маркасындагы тракторун, ПЛН 5-35 маркасындагы соко жана 600-12 дары чачкыч техникаларын сатып алуу жөнүндө Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясынын 24.05.2022-ж отурумундагы № 4 бүтүмүнүн негизинде Бостери айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына, Айыл Банк» ААК аркылуу Бостери айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен
S 300 “NOVA- 340” үлгүсүндөгү комбайнын, “Беларусь” МТЗ 12-21 маркасындагы тракторун, ПЛН 5-35 маркасындагы соко жана 600-12 дары чачкыч техникаларынын жалпы суммасынын 30%, мѳѳнѳтү 6 жыл, 6 % бир жылдык тѳлѳмү жана камсыздандыруусу менен лизингге алууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана «Айыл Банк» ААК менен келишимди түзүү, ѳздүк салым катары тиешелүү тѳлѳмдѳрүн тѳлѳп туруу жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ жана «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына лизингге S 300 “NOVA- 340” үлгүсүндөгү комбайнын, “Беларусь” МТЗ 12-21 маркасындагы тракторун, ПЛН 5-35 маркасындагы соко жана 600-12 дары чачкыч техникаларын алууда, Бостери айыл ѳкмѳтү «Айыл Банк» ААК алдында милдеттемелерди аткарууда тилектештик-кызматтык жоопкерчиликти аткаруучу катары катышууга укук берилсин.
4. Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына лизингке S 300 “NOVA- 340” үлгүсүндөгү комбайнын, “Беларусь” МТЗ 12-21 маркасындагы тракторун, ПЛН 5-35 маркасындагы соко жана 600-12 дары чачкыч техникаларын алууда, «Айыл Банк» ААК менен келишимдерге кол коюуга жана аракет бѳлүмдѳрдү аткарууда айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Шаменовго укук берилсин.
5. Лизингдин негизги каражатын жана пайыздарын графиктин негизде ар жыл сайын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бѳлүп берүү жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сопуевге жана айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Усубалиев |