КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 24 - январы № 1
2021-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2023-2024 ж.жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Өсөров Нурландын жана Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Шамшиев Рустамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышы канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү 5698,7(беш миллион алты жүз токсон сегиз миң жети жүз) миң сомго;анын ичинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 3374,7(үч миллион үч жүз жетимиш төрт миң жети жүз) миң сом,теңдөөчү грант 2224,0 (эки миллион эки жүз жыйырма төрт миң) миң сом,атайын каражат 100,0 (бир жүз миң) миң сомго №1-тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2022 жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү №-2 тиркемеге ылайык 5598,7 (беш миллион алты жүз токсон сегиз мин жети жүз) миң сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2023-2024 ж.жылдарга бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жана трансферттердин көлөмү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планынын ар-бир түрлорү боюнча аткаруу салык башчысы Арапбай уулу Азим-Шахка милдеттендирилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү гранттын 2022 жылга жана 2023-2024 ж.жылдарга болжолдуу долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024- жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына негиз биринчи кезекте корголгон беренелерге,калган сумма коммуналдык чыгымдын отун-көмүр алуу үчүн каржылоого айыл өкмөт жоопту экени белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы фондусуна негиз 278,5 (эки жүз жетимиш сегиз мин беш жүз) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюдеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 56,0 (элүү алты миң) миң сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүн резервдик фонду болуп түзүлсүн.
9. Айыл Өкмөтүнүнү экономист-статист кызматкеринин эмгек акысы,соцфонд төлөмү,байланыш кызматы,сапар чыгымдары Базар-Коргон райондук статистика башкармалыгы менен Кызыл-Үңкүр айыл Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык максатту трансферттин эсебинен төлөнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичинде өзгөртүү,толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде жүргүүзү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
11. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.
12.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Шамшиевке жүктөлсүн.
13. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Бейшенбек уулу А |