Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2022-жылдын 24 - январы № 1/3

«2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө»

Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Өсөров Нурландын жана Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Шамшиев Рустамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айыл аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:

 

1. 2022-жылдын 1-январына карата калган 965,6 (тогуз жүз алтымыш беш миң алты жүз) мин сом калдык акча каражаттын №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Бул каражаты мыйзам чегинде чыгымдоо жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Өсөровко милдеттендирилсин.

 

3. 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаты 965,6 (тогуз жүз алтымыш бещ миң алты жүз) мин сом 2022 жылдын эсебиенен чыгымдалсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Шамшиевке жүктөлсүн.

 

5. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Бейшенбек уулу А