Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 24 - январы № 4
Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штат бирдигин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүнжергиликтүү ѳз алдынча башкаруу чѳйрѳсүндѳгү айрым чечимдерине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ” жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” токтомунун негизинде Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы штат бирдиги бекитилсин.
2. Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын айлык маянасынын ѳлчѳмдѳрүн мыйзам чегинде чегерүү Кызыл-Үнкүр айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы Н.Осоровко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Үнкүр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Г.Имаровага жүктѳлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Бейшенбек уулу А |