ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессия
2022-жылдын 2 - марты № 13/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Жалгыз-Терек, Жерге-Тал айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында тиешелүү жер аянтын которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Карагай-Булак» участкасынан №3029 контурундагы 0,5 га, «Айыл-Башы» участкасынан №944 контурундагы 0,5 га, «Айыл-Башы» участкасынан №875 контурундагы 0,1 га, «Айыл-Ичи» участкасынан №2290 контурундагы 0,6 га, Жалгыз-Терек айылынын түндүк тарабында жайгашкан №2359 контурундагы 0,5 га жайыт «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы» жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М.Турганалиев |