Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIV кезексиз сессия
2022-жылдын 30 - марты № 14/2
Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2022-жылга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдырдын жазгы айдап-себүү, чөп чабуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы чогулушунун 2022-жылдын 11-мартындагы №20 протоколу бекитилип иш алып барылсын.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн тартипте баш ийбеген жарандарга КР «Бузуулар боюнча кодексинин» жана Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 19.04.2013-жылдыгы №4 токтому менен бекитилген Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жобосунун негизинде катуу чаралар көрүлөөрү эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Турганалиев |