Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIV кезексиз сессия
2022-жылдын 30 - марты № 14/3
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын тургуну Смаилова Сүйүндүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын тургуну С.Смаилованын 2022-жылдын 28-мартындагы жазган кайрылуусу жана Нарын районуна караштуу Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин «Кесиптик бирлик уюмунун» биргелешкен чогулушунун 2022-жылдын 1-февралындагы №5 токтомунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районуна караштуу Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин «Кесиптик бирлик уюмунун» биргелешкен чогулушунун 2022-жылдын 1-февралындагы №5 токтому жактырылсын.
2. Жерге-Тал айылынын тургуну Смаилова Сүйүнгө Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин имаратынын ичинен концелярдык тавар сатуу үчүн макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үч тараптуу келишим түзүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жана А.Табалдиев орто мектебинин директоруна тапшырылсын.
4. Бардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |