Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 8
“Алма бактарга болгон ижаранын акыларын бекитүү жөнүндө”
“Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштууАлма бактарга болгон ижараныннын акыларын бекитүү жөнүндө” Бел-Алды муниципалдык ишкананын жетекчи Бадыров Памирдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үстүбүздөгү 2022-жылга алма бак отургузулган участокторду категориясына жараша аренда акыларын төмөндөгүчө бекитүү:
Кара Ой 1 га -2500 сом
Орто жон 1 га - 500 сом
Ар бир 40 сотуктан алган жаран -1000 сомдон бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген акыларын менен келишим түзүп , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Бадыров Памирге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Асанов |