Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 9
“ Жайыт жерлерин ижарага берүүнүн акыларын бекитүү жөнүндө”
“Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин ижара акыларын бекитүү жөнүндө” айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Кушубеков Нурсландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жайыт жерлеринен ижарага берилүүчү жерлердин акыларын төмөндөгүчө бекитилсин.
1. Жайыт жеринен чалгы менен чабылган чабынды жердин акысын 1га жерге 500сомдон, трактор менен чабылган жердин акысын 1000 сомдон.
2. Бал аарычылык боюнча 1сотугу 50-сом,башка аймактан келген жарандардын бал челектери учун 1000 сом.
3. Бак отургузуу,өздөштүрүү боюнча 1сотугуна жер ижарасы биринчи 3 жылдыкта 1 га – 500сом.
5. Даарылык сырьену,дары чөптөрдү чогултуу боюнча мурунку баасы 1сотугуна- 300сом.
(2018-жылдын 11-апрелиндеги №3 токтомдун негизинде кабыл алынган)
6. Жайыт жерлерине өздөштүргөн (көп жылдык тоют сепкенге) техника жүргөн жерине 1 га
-1000сомдон, кол менен чаап, сепкен жерге 1 га - 500 сом.
1. Жогорудагы бекитилген акыларды боюнча келишим түзүп , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төр агасы Кушубеков Нурсланган милдеттендирилсин.
2. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Асанов |