Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 10
“Бел-Алды айыл өкмөтүндөгү малчылардын жана мал жандыктарынын акыларын бекитүү жөнүндө”
“Бел-Алды айыл өкмөтүндөгү жайыт комиттетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келишимдин шартына ылайык,айдоого түшкөн мал,салыгын төлөгүчө камака алынат.
2. Камакка алынган малдын баласалгандыгына, өлгөндүгү айыл өкмөтү жана кароолчу,айыл башчы,жайыт жооп бербейт.
3. 1. Малдын жайыт акысы кой башына – 18 сом, уй башына 90 сом, жылкы башына 90 сом.
2. Бадачылык кылып мал баккан малчыларга:
Кой башына – 80сом, бодо башына -400 сом, музоолу бодо башына -600сом, субай жылкы башына – 400сомдон.
4. 5-апрелден 20-апрелге чейин ортоңку жайыттарга, 20-майдан баштап алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
5. 1-октябрдан 5-октябрга чейин бадачылар малдарды ээлерине таркатып берсин.
6. Сүт азыгын саткандар 20-сентябрда жакынкы жайыттарга көчүп келишсин.
7. Бел-Алды айыл аймагынын жашоочуларына койулган талаптар боюнча айып пулдары: Өз алдынча жайлоого чыгып, бадага кошпой мал көздөгөн жарандар, жогорудагы көрсөтүлгөн келишимдеги мөөнөттөргө жараша жака жайыт,ортоңку жана алыскы төр жайыттарга айдабай өзүм билемдик кылса,ошондой эле эгин талааларына зыян келтирсе 30000 (отуз миң)сом айып пул төлөйт. Экинчи кайталанса 50000(элүү миң)сом айып пул, зыян тарткан жаранга төлөп берүү жагын карап бериңиздер.
8. Күзүндө жогорудагы келишимде корсотулгон мооноттон мурда кочуп келсе 50000(элуу мин)сом.
9. Бадалык жайлоосу 3 жылга мал жайылбай, корукка алынсын. Бадалык жайлоосуна чыккан жеке аарычылар жер акысы 5 сотугуна – 1000 сом.
10. Жогорудагы бекитилген ставкалар менен келишим түзүп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Кушубеков Нурсланга милдеттендирилсин.
11. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
12. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Асанов |