Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 6-апрели № 14
“Бел-Алды айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүгүү планы айыл аймактык кызматкерлерден, депутаттардын, активдүү жарандардын, айыл башчылардан түзүлгөн жумушчу топтун жана коомдук угуулардын негизинде ар тараптуу карап, изилдөөлөр жүргүзүлду. Стратегиялык өнүгүү планында ар бир айылдын негизге көйгөйлөрү, социалдык маселелер, айылдын инфраструктурасын ар тараптуу өнүктүрүү каралган. 2022-2026- жылдарга Стратегиялык өнүгүү планда келечекте турмушка аша турган жана айыл айылдарга бала бакча куруу, тигүү цехтерин уюштуруу жана бак өстүрүү ошондой эле өстүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүү, ички пландарды, суугат системасын жакшыртуу, жолдорду ремонттоо камтылган. 2022-2026-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планында долбоорлордун финансылык булактардын жардамы менен ишке ашырылуусу көрсөтүлгөн. . Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүгүү планы коомдук угуудагы сунуштар эске алынып, айрым толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысына, айыл башчыларга, айыл аймактагы мекеме уюмдардын жетекчилерине Стратегиялык пландын ар бир багыты боюнча аткарууга жетишүүнү камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү өзүмө калтырам.
Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Асанов |