Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 17-декабры № 10/16

Чүй айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылдагы аткарган иштери тууралуу

Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун 2020-жылда аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Дж.Бекжановдун 2020-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету кабыл алынсын жана канааттандырарлык баа берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

 

Төрага

Алиев Р.А.