Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 15-июну № 45
Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34 беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык кеңешинин иш планына ылайык “Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө” Ош шаарынын мэриясы тарабынан жиберилген материалдарды карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2022-жылдын 2-июнундагы отурумунун №5 чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтар эске алынсын.
2. Бул маселе боюнча сессияда айтылган сын сунуштарды эске алуу менен Ош шаарынын мэриясы тиешелуу иш чара кабыл алып, жашы жете элек өспүрүмдөргө узгултуксүз тарбия берүүнү камсыздоо багытында иш алып барсын жана тиешелуу мекеме-ишканалардын бул багыттагы иштерине көзөмөлдү күчөтсүн.
3. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү жайкы каникулда эс алуу лагерлерине тартуу максатында Ош шаарына таандык эки лагерди ремонттоо үчүн акча каражаттарын бөлүү жөнүндө Ош шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Жаштар арасында зордук-зомбулук болгон учурда, күбөө болгон жарандар ыкчам, укук коргоо органдарына кайрылууну камсыздоо үчүн, көрүнүктүү жайларда, ар бир мектептердин алдында укук коргоо органдарынын ишеним телефондорун илдирип коюуну шаардык билим берүү башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Өспүрүмдөргө терс таасирин берип жаткан түнкү клубдардын, оюн-зоок уюштурулуучу компьютердик залдардын аталыштарын мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн рейддерди жүргүзүп, аталыштарын өзгөртүү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тиешелүү бөлүмүнө жуктөлсүн.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
7. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасына (Б.Усонов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы 2022 № 57токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ